Иран - Азербайжан келишими

Астара дарыясынын тегерегинде сел апаатын алдына алуу үчүн протоколго кол коюлду.

1122893
Иран  - Азербайжан келишими

 Ирандын Астара жана Азербйжандын Ленкеран чек ара пунктунун арасында Астара дарыясынын тегерегинде сел апаатын алдына алуу үчүн протоколго кол коюлду.

Ирактын түндүгүндөгү Гилан аймагына караштуу Астаранын чек ара командири полковник Нозер Муради менен Азербайжандын Ленкеран чек ара командири Решад Абдуллахов Гиланда жолугушту. Жолугушуудан кийин журналисттерге маалымат берген Муради Астара жана Ленкеран чек ара пункттарынын ортосунда протоколго кол коюлгандыгын айтты.

Муради келишимдин негизинде Астара дарыясында суу астындагы баткак жана түбүнүн тазаланарын белгилеп : «Дарыянын ташуусунан чыккан селдер, чек арадагы тургундарга чоң зыян алып келүүдө. Жаңы протоколдун турмушка ашырылышы менен суу ташкындарынын Бахче Сера, Хошк Дехане жана Желалабад айылдары сыяктуу шаардын түндүгүнө өтүшүнө бөгөт коюлат»,- деди.



Тектеш кабарлар