Түндүк Кореянын лидери Кытайда

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 4 күндүк сапар менен Кытайдын борбор шаары  Пекинге барды.

1121654
Түндүк Кореянын лидери Кытайда

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 4 күндүк сапар менен Кытайдын борбор шаары  Пекинге барды.

Түндүк Кореянын кабар агенттиги KCNAда орун алган кабарга караганда Ким жана жубайы Ри Сол – Юну ташыган атайын поезд эрте мененки сааттарда борбор шаар Пекиндеги жогорку коопсуздук менен камсыздалган поезд станциясына барды.

Ким менен өлкөгө барган делегацияда Түндүк Кореянын АКШ менен атомдук сүйлөшүүлөрүн улантылышынан жооптуу Жумушчу партиясынын борбордук комитетинин төрага орун басары Ким Йонг – Чол, тышкы иштер министри Ри Йонг – хо жана коргоо министри Но Кванг  - чол бар.

Кытай расмий агенттиги Синьхуа да Ким жана делегациясынын өлкөдө экендигин ырастады.

Ким 4 күндүк сапарында Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен жолугушат. Сапарда Түндүк менен Түштүк Кореянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү менен Корея жарым аралынын атомдук куралдардан тазаланышы үчүн АКШ менен өткөрүлө турган сүйлөшүүлөргө байланыштуу кенен маалыматтардын каралышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар