Орусиянын президенти менен Армениянын убактылуу премьер - министри жолугушту
Орусиянын президенти В. Путин Армения менен коопсуздук жана экономикалык тармактарда кызматташууну арттырууну каалагандарын билдирди.
Орусиянын президенти В. Путин Армения менен коопсуздук жана экономикалык тармактарда кызматташууну арттырууну каалагандарын билдирди. Путин Армениянын убактылуу премьер - министри Никола Пашинян менен борбор шаар Москвада өткөргөн жолугушуунун басма сөзгө ачык бөлүгүндө эки өлкөнүн карым - катнаштарына баа берди. Орусия менен Армениянын терең союздаштык карым - катнашта экендигин белгилеген Путин : «Орусия Армениянын эң чоң соода өнөктөшү. Эки тараптуу соодабыз өткөн жылы 30 пайызга өстү. Бул улантуубуз керек болгон аракет» ,- деди.
Путин Армения менен көп сандаган тармакта карым - катнаштарды өнүктүрүүнү каалашкандарын белгилеп : «Экономика менен бирге коопсуздук тармакта да кызматташууну арттырууну каалайбыз. Орусия мунун ишке ашышы үчүн колунан келгенди аткарууга даяр»,- деди.
Пашинян болсо Орусияны эң көп зыярат кылган лидерлердин бири экендигин белгилеп : «Бул абал өлкөлөрүбүздүн арасындагы атайын стратегиялык өнөктөштүктү баса белгилеп жатат. Карым - катнашыбызга байланыштуу бул кыймылдын улантыларына ишенем»,- деди.
Арменияда кыска убакыт мурда парламент шайлоолорунун болгондугун эске салган Пашинян : «Жаңы шайланган парламентибиз да карым - катнаштарыбыздын өнүктүрүлүшүнө салым кошот»,- деди.