Путин АКШны эскертти

Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин, борбор калаа Москвада Коргонуу министрлигинин кеңейтилген жыйналышында сөз сүйлөдү.

1109480
Путин АКШны эскертти

Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин, АКШнын Орто аралыкка учуучу ядролук күчтөр келишимин (INF) бузган учурунда Орусиянын коопсуздугун арттыра турган керектүү чараларды көрө турганын айтты.

Путин, борбор калаа Москвада Коргонуу министрлигинин кеңейтилген жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө, заманбап курал жана шаймандар менен жабдылган Орусиянын армиясындагы бөлүктөрдүн пландалганы сыяктуу жаңы мамлекеттик куралдануу программасына жараша өнүккөнүн билдирди.

Дүйнөдө окшошу көрүнбөгөн куралдардын өнүктүрүлүшүндө олуттуу жана маанилүү кадамдарды таштагандарын айткан Путин, «Авангард» ракеталык системасынын сериалуу чыгарылышы башталганын, «Сармат» континенттер аралык баллистикалык ракетанын сыноосунун ийгиликтүү өткөнүн, «Кинжал» гиперсоник ракеталык системасынын милдетин орундатканын, «Пересвет» согуштук лазер системасынын колдонулушу кеңейтилгенин айтты.

Орус армиясынын жана флотунун бул куралдар аркылуу потенциалы артканын билдирген Путин: «Жаңы системаларыбыз милитаристтик жана агрессивдүү айтымдарга көнүп алгандарды ойлонууга аргасыз кылат деп ойлойм»,-деди.

Акыркы бир жылда НАТОнун Орусиянын чек арасынын айланасында аскердик базаларын кеңейткенин белгилеген Путин, АКШнын Орто аралыкка учуучу ядролук күчтөр келишиминен (INF) чыга турганын жарыялоосунун да олуттуу санааркоо жаратканын айтты.

Путин: «Ушундай кадам абдан терс жыйынтыктарга себепчи болот. Аймактык жана глобалдык коопсуздукту белгилүү түрдө начарлатат»,-деп айтты.

АКШнын келишимден бир жактуу түрдө чыгуусуна шылтоо катары Орусиянын келишимден келип чыккан милдеттерин орундатпаганын көрсөткөнүн эске салган Путин, Орусияга тагылган ушундай айыптоолор негизсиз экендигине басым жасады.

Путин: «АКШнын Орто аралыкка учуучу ядролук күчтөр келишимин (INF) бузган учурунда Орусиянын коопсуздугун арттыра турган керектүү чараларды көрүүгө аргасыз болобуз»,-деди.

Орусиянын жаңы куралдануу жарышына бөгөт коюлушу менен кошо бардык коомчулуктардын коопсуздуктарын камсыздоо үчүн бардык сунуш жана демилгеге ачык экенин түшүндүргөн Путин, мунун бир гана Орусия эмес, АКШ жана бүткүл дүйнөнүн кызыкчылыгы үчүн экендигин айтты.

Путин, бардык ушул коркунуч жана факторлор эске алынып армия жана флотунун өнүктүрүлүшүнүн улантылышы керектигин билдирди.



Тектеш кабарлар