Нигерияда жаңы төрөлгөн балдар каттоого алынбай жатат

Нигерияда жаңы төрөлгөн бөбөктөрдүн 70 пайызы каттоого алына албай жатат.

1102523
Нигерияда жаңы төрөлгөн балдар каттоого алынбай жатат

Нигерияда жаңы төрөлгөн бөбөктөрдүн 70 пайызы каттоого алына албай жатат. Нигерия Калк Комиссиясынын Баучи аймагынын төрагасы  Муса Рашид өлкөдө жаңы төрөлгөн балдардын каттоого алынышы тууралуу кыйынчылыктардын болуп жаткандыгын белгилеп : «Өлкөдө кош бойлуу аялдардын бир гана 30 пайызы саламаттык пункттарга барып текшерүүдөн өтүп жана бөбөктөрүн каттатып жатышат. Калган 70 пайызы болсо бөбөктөрүн үйдө төрөп жана төрөт каттоосунан өтүшпөйт»,- деди.

Каттоо тышы бөбөктөрдүн көпчүлүгүнүн элет жерлеринде төрөлгөндүгүнө көңүлдөрдү бурган Рашид төрөт каттоосунун мааниси жактан жетеринче коомдо байкалбагандыгын билдирди.

Рашид жалпы өлкөдө адамдарды төрөт үчүн катталууну маалыматтандырууга карата иштерди жүргүзүшкөндөрүн билдирип бул процессте ЮНИСЕФ менен биргеликте долбоорлорду түзүшкөндөрүн айтты.

200 миллионго жакын калкы менен Нигерия дүйнөнүн калкынын саны жактан дүйнөнүн жетинчи, Африканын болсо калкы эң көп өлкөсү болуу өзгөчөлүгүнө ээ.



Тектеш кабарлар