Иракта сел жүрдү

Сел апаатында каза болгондордун саны 21ге жетти.

1094985
Иракта сел жүрдү

Иракта катуу жамгыр жаашы менен чыккан сел апаатында каза болгондордун саны 21ге жетти.

Ирак саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта жума күнү болгон сел апаатында жаралангандардын саны да 180ге жеткендиги билдирилди.

Катуу жамгыр жаашы себеп болгон сел апаатында Васыт аймагында 7, Салахаддинде 5, Зикарда 2, Басрада 1 жана Мейсанда 1 кишинин каза болгондугу белгиленген.

Ирак премьер  - министри Адил Абдулмехди андан мурда берген маалыматында апаат аймактарындагы абалдарды жакындан иликтегендигин, бул үчүн да бир маселени чечүү столун курушкандарын жарыялаган болчу.

Парламенттин спикери Мухаммед Халбуси да селге дуушар болгон ички качкындар үчүн БУУ жана башка эл аралык мекемелерди жардам берүүгө чакырган.



Тектеш кабарлар