АКШнын Иранга карата жаңы эмбарго тизмеси

Иран тышында иш алып барган ондогон  өнөктөшүнүн да санкцияга алынары көрүнүүдө.

1082539
АКШнын Иранга карата жаңы эмбарго тизмеси

АКШнын казына министрлиги Иранга карата санкциялардын экинчи пакетинин негизинде эмбарго жасала турган жети жүздөн ашуун киши, мекеме, учак жана кеменин ысымдарын жарыялады.

Казына министрлигинин интернет сайтынан берилген тизмеде үч жүздөн ашуун Иран жараны, энергетика, транспорт секторунда иш алып барган жүздөн ашуун мекеме жана эки жүздөн ашуун кеме, элүүсү ирандык банктар болгон жетимиш финансы мекемеси, Иран аба жолдору жана алтымыш жети учак да бар.

Санкция салына турган банктардын арасында Иран экспорт өнүгүү банкы, Банк Мелли, Ариан Банк, Футуре Банк, Гаваминг Банк, Банк Сепах, Индустрия жана Маден Банк, Пост Банк,  Банк Тежарат, Айенда Банк, Europaisch-Iranische Handelsbank AG жана Дай банк алдыга чыкты. АКШказынасы бул банктардын өлкө ичи жана өлкө тышындагы өнөктөштөрүн да санкция ичине алды.

Иран улуттук нефть компаниясы  да кошулган тизмеде мекеменин Иран тышында иш алып барган ондогон  өнөктөшүнүн да санкцияга алынары көрүнүүдө.

Валфаир, Хафез Дарйа Арйа, Сафиран Пайам Дарйа аттуу транспорт фирималары да Иран ислам республикасынын кемечилик фирмасы жана Иран улуттук танкер фирмасынын  өнөктөшү деген негиз менен санкция салуу тизмесине кошулду.

АКШ башкаруусунун санкция салуу тизмесине кошкон бардык киши, мекеме, кеме жана учактардын тизмеси тууралуу www.treasury.gov/resource-center/sanctions/OFAC-Enforcement/Pages/20181105_names.aspx линктеринен маалымат алууга болот.



Тектеш кабарлар