Тереза Мэй менен Емануэль Макрон Кашыкчы тууралуу король менен телефондо сүйлөштү

Макрон Король Селман бин Абдулазиз менен сүйлөшүүсүндө журналист Жемал Кашыкчынын өлүмүнүн такталышын талап кылды.

1075340
Тереза Мэй менен Емануэль Макрон Кашыкчы тууралуу король менен телефондо сүйлөштү

Франциянын президенти Еммануэль Макрон менен Британиянын премьер  - министри Тереза Мэй саудиялык журналист Жемал Кашыкчынын өлтүрүлүшүнө байланыштуу Сауд Арабиянын королу Селмен бин Абдүлазиз менен телефон аркылуу сүйлөштү. Макрон Король Селман бин Абдулазиз менен сүйлөшүүсүндө журналист Жемал Кашыкчынын өлүмүнүн такталышын талап кылды.

Франциянын президенттик сарайы Елисей тарабынан сүйлөшүү тууралуу берилген маалыматта эки лидердин журналист Кашыкчынын өлүмүнө байланыштуу тергөөнүн каралгандыгы белгиленип, Макрондун бул кылмыш тууралуу «терең кыжырдануусун» билдиргендиги жана «бул трагедияга себеп болгон шарттардын» ортого чыгарылышын талап кылгандыгы билдирилди.

Макрондун Король Селманга өлкөсү үчүн ой, басма сөз жана коомдун эркиндигинин маанисин билдиргендиги белгиленген маалыматта : «Франция өнөктөштөрү менен күнөлүүлөр тууралуу  эл аралык санкцияларды ишке киргизүүдө арсар болбойт»,- деп билдирилди.

Сүйлөшүүнүн Франция менен Сауд Арабиянын ортосундагы тарыхый карым  - катнаштар жана стратегиялык диалогдун негизинде өткөрүлгөндүгү эске салынып, эки лидердин оболу Йемен жана Сирия  болгон аймактык темаларды да карап чыгышкандары билдирилди.

Британиянын премьер  - министрлик офиси "Number 10дон»  берилген маалыматка караганда Мэй сүйлөшүүдө Король Селманга өлкөсүнүн Кашыкчынын өлтүрүлүшүнөн олуттуу түрдө санааркагандыгын билдирди.

«Премьер  - министр билидирилип жаткан маалыматтын ишендирүүчү эмес экендигин, ошондуктан толугу менен эмне болгондугун ачык түрдө тез арада ортого чыгаруу керектигин айтты»,- деп белгиленген маалыматта Мэйдин Сауд Арабияга Түркия жүргүзгөн тергөөдө кызматташтык түзүү жана жыйынтыгы тууралуу так болууга чакыргандыгы билдирилди.

«Премьер  - министр Кашыкчынын өлтүрүлүшүндө жооптуу болгон баарынын ылайыктуу түрдө эсеп бериши керектигин кайталады»,- деп айтылган маалыматта Мэйдин Король бин Абдүлазизге өлкөсүнүн Кашыкчы кылмышынын шектүүлөрүнүн Британия визаларынын жоюларын да айткандыгы белгиленди.

«Washington Post» гезитинин саудиялк журналистти Жемал Кашыкчы 2 -  октябрда Сауд Арабиянын Стамбулдагы башкы консулдугуна киргенден кийин жоголгон.

Сауд Арабия башкаруусу 20 -  октябрда Кашыкчынын консулдук имаратында чыккан талаш  - тартышта каза болгондугун билдирген болчу.



Тектеш кабарлар