Орусия АКШнын Сириянын түндүк-чыгышындагы коркунучтуу оюнуна санааркап жатат

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, борбор шаар Москвада өткөргөн маалымат жыйынында Сириядагы акыркы абалдарга байланыштуу серебин салды.

1071559
Орусия АКШнын Сириянын түндүк-чыгышындагы коркунучтуу оюнуна санааркап жатат

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, АКШнын күрт шериктештери менен Сириянын түндүк-чыгышында «мамлекетке окшогон» түзүм курууга аракет кылганын белгилеп, «Орусия бул аракеттен улам санааркап жатат»,-деди.

Захарова. борбор шаар Москвада өткөргөн маалымат жыйынында Сириядагы акыркы абалдарга байланыштуу серебин салды.

Сириянын түндүк чыгышындагы абалдын санааркатуусун улантканын баса белгилеген Захарова: «АКШ, Күрт шериктештери менен аймакта мамлекетке окшогон түзүм курууга аракет кылууда»,-деп айтты.

Мындай түрдөгү аракеттердин таасирдүү болбогонуна жана жергиликтүү клактын каршы чыгуусун тарта турганына шилтеме кылган Захарова: «Орусия бул аракттерге санааркап жатат»,-деди.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, мындан бир канча күн мурда Франциянын медиа органына берген маегинде, АКШнын Сирияда күрттөрдү колдонгонун белгилеп, «АКШ, Сирияда «Курдистан» долбоору менен коркунучтуу оюнду ойноп жатат»,-деп айткан болчу.



Тектеш кабарлар