АКШнын Африка командирлиги AFRICOMдон Сомалиге кол салуу жасалды
Кол салууда 60 террорист жок кылынды.
1070415
АКШнын Африка командирлиги AFRICOMдун Сомалинин Харардере аймагына жасаган абадан кол салуусунда террордук уюм Ел - Шебаб мүчөсү 60 террорист жок кылынды.
AFRICOMдон берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «АКШ күчтөрү Сомали федералдык өкмөтү менен координациялуу түрдө 12 - октябрда Харардере жакындарында Ел - Шебаб мүчөсү терророисттерге каршы абадан кол салды»,- деп билдирилди.
Маалыматта : «Азыркы учурда кол салууда 60ка жакын террористтин жок кылынгандыгы билдирилүүдө. Бул кол салуу АКШ күчтөрүнүн 2017 - жылы 21 - ноябрда Ел – Шебаб лагерине жасаган жана 100гө жакын террорист жок кылынган кол салуудан кийинки эң чоң кол салуу»,- деп белгиленди.