Египет - Орусия аскердик машыгуусу башталды

«Достуктун коргоочулары 3» аттуу биргелешкен аскердик машыгуу Египетте башталды.

1069194
Египет  - Орусия аскердик машыгуусу башталды

Египет менен Орусиянын ортосунда «Достуктун коргоочулары 3» аттуу биргелешкен аскердик машыгуу Египетте башталды. Египет армиясынын катчысы полковник Тамир Рифаи тарабынан берилген маалыматка караганда парашютчу бөлүктөрү да катышкан аскердик машыгуу 26 -  октябрга чейин улантылат.

Катчы маалыматында террор менен күрөшүүдө атайын аскердик бөлүктөрдүн аскердик перформансын арттырууну максат кылган машыгуунун Египеттин кайсы аймагында өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу маалымат берген жок.

Достуктун коргоочулары аскердик машыгууларынын биринчиси 2016 -  жылы Каирде экинчиси 2017 -  жылы Орусиянын Новороссийский шаарында өткөрүлгөн.



Тектеш кабарлар