"Союз" космостук унаасы чукул түрдө конду

Спутниктин парашют менен Казакстанга чукул түрдө конгондугун жана топтун аман  - эсен экендиги билдирилди.

1066932
"Союз" космостук унаасы чукул түрдө конду

Казакстандагы Байконур космостук базасынан учурулган орус «Союз» космостук унаасында бир катаа чыкты. Катаадан улам космостук унаадагы топ чукул түрдө конду.

Орусия федералдык космостук агенттиги Роскосмостон берилген маалыматка караганда орус космонавт  Алексей Овичинин менен Американын космостук жана авиация мекемеси НАСАнын  космонавты Ник Гаагды Эл аралык космостук станциясына алып бара турган «Союз МС  - 10» капсуласын ташыган ракета учурулгандан бир канча убакыттан кийин катаа чыкты.

Орус массалык маалымат каражаттарында берилген кабарга караганда ракета  бөлүгүнөн спутниктин парашют менен Казакстанга чукул түрдө конгондугун жана топтун аман  - эсен экендиги билдирилди.

Өзгөчө конгон аймакка ичинде саламаттык жана куткаруу топтору болгон 4 тик учардын жиберилгендиги билдирилди.

Роскосмостун кырсык тууралуу иликтөө баштагандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар