АКШдан Орусия менен Кытайга карата санкциялар

Вашингтон башкаруусунан Орусия жана бул өлкө менен карым  - катнашынан улам Кытайга дагы санкция салды.

1054040
АКШдан Орусия менен Кытайга карата санкциялар

Вашингтон башкаруусу Орусия жана бул өлкө менен карым  - катнашынан улам Кытайга дагы санкция салды.

АКШнын тышкы иштер министрлиги Орусияда коргонуу жана чалгындоо тармактарында роль ойногон 33 киши жана мекемеге карата санкция салуу чечимин чыгарды.

Министрлик жаңы санкцияларды президент Дональд Трамптын «Санкция жолу менен Американын душмандары менен күрөш» мыйзамынын негизинде кол койгон бир президенттик жарлыгы боюнча салды.

Министрликтин катчысы Хизер Науэрттин жазуу түрүндөгү маалыматына караганда АКШ Орусия федерациясында аскердик жана чалгындоо тармактарында кызмат кылган 30 киши жана 3 мекеме, «Санкция жолу менен Американын душмандары менен күрөштүн» 231 -  беренесиндеги «Атайын белгиленген кишилер» тизмесине кошулду.

Бул тизмеге кошулган киши жана мекемелер менен мындан кийин иш аткара турган киши жана мекемелер АКШ санкцияларына дуушар болушу мүмкүн. Бир тараптан министрлик ошол эле билдирүүсүндө Орусия федерациясы менен аскердик карым  - катнашы болгондуктан Кытайга таандык аскердик бир мекеме менен мекеменин директорун да санкция тизмесине алды.

Өткөн жылы июль айында Конгресстен өткөн «Санкциялар жолу менен Американын душмандары менен күрөш» мыйзамы Орусиянын Украинага кийлигишүүсү жана АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишти деген себеп менен Москвага санкция салуунун жолун ачкан болчу.



Тектеш кабарлар