Иранда сел жүрдү

Селде 1 киши каза болуп 3 кишиден дайын жок.

1053308
Иранда сел жүрдү

Ирандын түндүгүндөгү 9 аймакты таасири астына алган борошо жана ашыкча жамгыр жаашынан 1 киши каза болуп, 3 кишиден кабар алына албай жатат.

Изилдөө  - куткаруу мекемесинин төрагасы Муртеза Селими ашыкча жамгыр жаашы жана борошонун Чыгыш Азербажан, Батыш Азербайжан, Эрдебил, Семнан, Мазендеран сыяктуу өлкөнүн түндүгүндөгү 9 аймакты таасири астына алгандыгын белгиледи.

Өлкөнүн түндүк – чыгышындагы Семнан аймагына караштуу Шахруд шаарындагы жамгыр жаашы жана катуу борошодон улам 1 кишинин каза болгондугун билдирген Селими ошол эле аймакта ашыкча жамгырдан улам сел жүрүп 3 кишиден кабар алына албай жаткандыгын айтты. Ирандык жетекчилер топтордун сел жана борошо катуу болгон аймактагы элге чатыр жана муктаждык болгон материалдарды таркатканыгын билдирди.



Тектеш кабарлар