Израиль кол салууларында эки палестиналык каза тапты
Палестина саламаттык сактоо министрлиги бул эки палестиналыктын ким экендигин аныктоо иштеринин улантылып жаткандыгын билдирди.
Израилдин Газанын түштүк чек арасына жакын жерде жасаган абадан кол салуусунда эки палестиналык каза болду.
Палестина Кызылайына караштуу биринчи жардам топтору Израилге караштуу аскердик бир учактын түнү Хан Юнус шаарынын чыгышындагы Ел - Карара аймагына жакын жерге жасаган абадан кол салуусунда каза болгон эки кишинин сөөгүн тапты.
Палестина саламаттык сактоо министрлиги бул эки палестиналыктын ким экендигин аныктоо иштеринин улантылып жаткандыгын билдирди.
Израиль армиясынан мындан мурда да берилген жазуу түрүндөгү маалыматта аскердик бир учактын Газа чек арасындагы зымдарга жакындап «шектүү бир зат таштагандыгы» белгиленген эки палестиналыкты бутага алгандыгын жарыялаган болчу.
Тектеш кабарлар
Норвегия Мустафага Палестинаны таанууга байланыштуу документтерди тапшырды
Эспен Барт Эйде Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Мустафа менен жолугушту.