АКШдагы борошодо каза болгондордун саны 17ге жетти

Жетекчилер тропикалык депрецияга кирген борошо жол ачкан сел жана катуу шамалдан улам Түндүк Каролинада 11, Түштүк Каролинада да 6 кишинин каза болгондугун жарыялашты.

1051078
АКШдагы борошодо каза болгондордун саны 17ге жетти

АКШнын чыгыш жагын таасири астына алган «Флоренция» борошосунан улам каза болгондордун саны 17ге жетти.

Жетекчилер тропикалык депрецияга кирген борошо жол ачкан сел жана катуу шамалдан улам Түндүк Каролинада 11, Түштүк Каролинада да 6 кишинин каза болгондугун жарыялашты.

Каза болгондордон эң акыркысынын 3 айлык бөбөк экендиги жана жашаган үйүнүн үстүнө дарактын кулашы менен каза болгондугу белгиленди.

Борошодон улам бир топ үйдү суу басты.

Жетекчилер Түндүк жана Түштүк Каролинада күтүлбөгөн суу баскындарына карата даярдыктуу болуу боюнча эскертти.

Түндүк Каролинадагы Cape Fear дарыясынын сулларынын барган сайын жогорулап бара жаткандыгы жана бир эки күндүн ичинде ташары жарыяланды.

Суу баскыны коркунучуна кашы дарыянын тегерегиндеги 2 миң 800 үй үчүн эвакуация эскертүүсү берилди.

Түндүк Каролинанын Уилмингтон шаарында катуу шамалдан улам дарактар көңтөрүлүп, көп сандаган үйдү суу басып, айдоочулар суу астында калган жолдордо унааларын айдоодо кыйынчылык тартышууда.

Шаар полициясы да бир маркетти жана бир бензин станциясын талап  - тоноодон шектелген 6 кишинин камоого алынгандыгын билдирди.

Борошодон улам 2 миңден ашуун учак каттамы да токтотулду.

10 миллион кишини таасири астына алышы мүмкүн экендиги белгиленген борошонун 170 миллиард долларлык чыгымга себеп болушу мүмкүн экендиги болжолдолууда.



Тектеш кабарлар