Орусия АКШлык космонавттарды ташыбайт

АКШ 2019 – жылдан баштап космонавттарын Эл аралык Космостук Станциясына өзү алып барууну пландап жатат.

1041022
Орусия АКШлык космонавттарды ташыбайт

Орусиянын вице  - премьер  - министри Юрий Борисов өлкөсүнүн 2019 -  жыдын апрель айынан баштап америкалык космонавттарды Эл аралык Космостук Станциясына алып барбай тургандыгын айтты.

Ракета жана космостук фирмасы «Энергияда» өткөрүлгөн жыйында сөз сүйлөгөн Борисов : «НАСА менен болгон АКШнын космонавттарын Эл аралык Космостук Станциясына Союз  - МС космостук унаа менен алып барып, алып келүүсүнө байланыштуу келишимибиз 2019- жылдын апрель айында акырына чыгат»,- деди.

АКШ авиация жана космостук мекемеси НАСА Боинг фирмасынын арачылыгы менен «Энергия» фирмасынан орус Союз – МС космостук унаасында Эл аралык Космостук Станциясына баруу үчүн 5 кишилик орундукту арендага алган.

АКШ 2019 – жылдан баштап космонавттарын Эл аралык Космостук Станциясына өзү алып барууну пландап жатат.

Орусиянын 2021 -  жылга чейин Эл аралык Космостук Станциясына 13 жолу космостук унааны жиберүүнү пландагандыгын да айткан Борисов 2019 -  жылы ноябрь айында көп функциялуу бир лаборатория модулу болгон «Наука» модулунун Эл аралык Космостук Станциясына жиберилерин белгиледи.

 

 

 



Тектеш кабарлар