Франциянын президенти Еммануэль Макрон жолугушууларды өткөрүү үчүн Финландияга барды

Макрон Хельсинкиде президент Саули Ниинистө менен бирдикте пресс  - жыйын өткөрдү.

1040961
Франциянын президенти  Еммануэль Макрон жолугушууларды өткөрүү үчүн Финландияга барды

Франциянын президенти Еммануэль Макрон : «Түркия жана Орусияга болгон кызыгуубуз узун мөөнөттө Европа Биримдиги менен карым  - катнаштарды ырааттуулукка жеткире турган жана карым  - катнаштарда дагы көп күчтү түзө турган бир стратегиялык өнөктөштүккө ээ болуу»,- деди.

Макрон расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Финландиянын борбор шаары Хельсинкиде президент Саули Ниинистө менен бирдикте пресс  - жыйын өткөрдү.

Ниинистө менен өткөргөн жолугушуусунда Орусия маселесин карап чыгышкандарын белгилеген Макрон Европанын коргонуу жана стратегиялык жактан толугу менен автономиялуулукка жеткишкенде Орусия менен карым  - катнаштарын өнүктүрө алышарын айтты.

Европа Биримдиги менен Орусиянын ортосундагы карым  - катнаштын кайрадан каралып чыгылышы керектигин белгилеген Макрон кибердик коопсуздук, коргонуу жана стратегиялык өнөктөштүк темаларында Европа Биримдиги менен Орусиянын ортосунда ылайыктуу жаңы бир көз караштын да өнүктүрүлүшү керектигин айтты.

Макрон бул тууралуу Орусиянын бир топ темада иш алып барышы керектигин белгиледи.



Тектеш кабарлар