Меркель менен Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Cүйлөшүүнүн өзөгүн актуаkдуу эл аралык маселелер менен соода маселелери түзгөндү.

1038871
Меркель менен Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Германиянын канцлери Ангела Меркель менен АКШнын президенти Дональд Трамп өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүдө Идлиб аймагындагы адамзаттык абал башта болуу менен Сириядагы абалдарды карап чыгышты.

Немис өкмөт катчысы Штеффен Зайберт Меркель менен Трамптын телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн белгилеп, сүйлөшүүнүн өзөгүн актуалдуу эл аралык маселелер менен соода маселелери түзгөндүгүн билдирди.

«Канцлер Меркель менен президент Трамп Сириядагы абалдар жана Идлиб аймагындагы адамзаттык абалдар тууралуу тынчсызданууларды бөлүшүштү»,- деген Сайберт Орусияга Сирия режиминде таасирдүү болуу жана араздашуунун күч алышына тоскоол болууга чакыруу салынгандыгын белгиледи. Сайберт эки лидердин Украина менен Батыш Балкандар тууралуу да карап чыгышкандарын билдирди.



Тектеш кабарлар