Орусия үч өлкөгө өз делегациясын жиберет
Михаил Мизинцев бул тууралуу маалымат берди.
Орусия сириялык баш калкалоочулардын маселесин чечүү үчүн Түркия, Иордания жана Ливанга өз делегациясын жиберет.
Орусиянын Коргоо министрлигинин Улуттук көзөмөл борборунун жетекчиси Михаил Мизинцев, сириялык баш калкалоочулардын өз жерлерине кайтуу маселесин чечүү үчүн Иордания, Ливан жана Түркияга иш алып баруучу топтордун жөнөтүлө турганын белгиледи.
Орусиянын Коргоо министрлиги менен Тышкы иштер министрлигинин бул баш калкалоочулардын Сирияга кайтуусуна карата координация штабынын жыйынында сөз сүйлөгөн Мизинцев: «Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун буйругу менен сириялык баш калкалоочулардын өз жерлерине кайтуусуна байланыштуу темалардын кеңири иликтениши үчүн Иордания, Ливан жана Түркияга иш алып баруучу топтор жиберилет»,-деп айтты.