БУУнун коопсуздук кеңеши Аракан кризисин талкуулады

БУУга караганда 2017-жылдын 25-августунан кийин Аракандан качууга аргасыз болуп Бангладешке баш калкалгандардын саны 700 миңден ашты.

1018309
БУУнун коопсуздук кеңеши Аракан кризисин талкуулады

Бириккен Улуттар Уюмунун Мьянма боюнча атайын өкүлү Кристин Шранер Бурженер, Мьянмага сапарынан кийин БУУнун коопсуздук кеңешин алгач ирет жабык эшик артында маалыматтандырды.

БУУнун коопсуздук кеңеши июль айынын кезектеги жетекчиси Швециянын БУУдагы туруктуу өкүлү Олоф Скуг, жыйналыштын алдында сүйлөгөн сөзүндө Аркан кризисине чечүүчү жол табылышы темасында кеңештин дагы көп аракет кылышы керектигин айтты.

Нидерландиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Лиз Грегуар ван Хаарен да, аракандык качкындардын Мьянмадагы коопсуздук күчтөрүнүн күч колдонуусунан качып Бангладешке баш калкалагандан бери дээрлик 1 жыл өткөнүн белгилеп, «Убакыт азайып баратат жана жооптуулар жооп бериши керек. Ишенимдүү кадамдар ташталганын көрүшүбүз керек»,-деди.

БУУга караганда 2017-жылдын 25-августунан кийин Аракандан качууга аргасыз болуп Бангладешке баш калкалгандардын саны 700 миңден ашты.

Эл аралык адам укуктары мекемелери, спутниктен жарыялаган көрүнүштөрүндө жүздөгөн айылдын жок кылынганын далилдеди.

Аракандыктардын жерлерине кайтышы үчүн Мьянма жана Бангадеш өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган келишим, жеринен ажырагандардын абалдарын документтештирүү мүмкүн болбогондуктан ишке ашыруу жарабай калды.

БУУ жана эл аралык адам укуктары уюмдары, аракандык мусулмандарга карай зомбулукту «этникалык тазалоо» же «геноцид» деп атаган.

Эл аралык медиа жана институттардын Аркан провинциясына кирүүсүнө олуттуу чектөө койгон Мьянма өкмөтү, аракандык мусулмандардын артка кайтуулары тууралуу берген убадаларын да орундаткан жок.

Бангладешке баш калкалаган аракандык мусулмандар жана адам укуктары уюмдары, керектүү коопсуз чөйрө камсыздалбастан бул кишилердин Мьянмага кайтууларынын жаңы этникалык тазалоо акциясына алып бара турганынан санааркап жатат.



Тектеш кабарлар