Лавров менен Помпео сүйлөштү

Хизер Науэрт жазуу түрүндө маалымат берди.

1017473
Лавров менен Помпео сүйлөштү

АКШнын тышкы иштер министри Майк Помпео менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров телефон аркылуу сүйлөшүштү.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Хизер Науэрт, Майк Помпео менен Сергей Лавровдун телефондогу сүйлөшүүсүндө Сириянын түндүгүндөгү окуялар жана терроризмге каршы күрөш боюнча эки өлкөнүн ортосундагы координация менен катар көптөгөн теманын каралгандыгын билдирди.

Науэрт жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Помпео менен Лавровдун, АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Финляндиянын борбор шаары Хельсинкиде өткөн жумадагы жолугушуусунун уланышы мүнөзүндө телефон сүйлөшүүсүн өткөргөндөрүн белгиледи.

Катчы Науэрт: «Сүйлөшүүдө каралган темалардын арасында Орусиянын Сириянын түштүк-батышындагы убадаларын бузгандыгы темасы да бар эле. Эки министр ошол эле учурда терроризмге каршы күрөшүүдө координация пикирлеринин ишке ашырылышы жана эки өлкөдөгү атайын жана өкмөттөр тарабынан текшерилбеген мекемелердин ортосунда иш диалогун куруу боюнча бергелешкен максаттарды талкуулашты»,-деп айтты.

Науэрт эки тараптын АКШнын Орусиядагы дипломатиялык иштерине бирдей жана адилеттүү түрдө уруксат берилиши темасын да сүйлөшкөндөрүн билдирди.



Тектеш кабарлар