Иранда жер титиреди
Жер титирөөдө жан жана мүлк зыянга учурап учурабаганы азырынча жарыялана элек.
1016980
![Иранда жер титиреди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b7c3/8897/f442/5a77fc734e035.jpg?time=1718992418)
Ирандын Хүрмүзган провинциясында караштуу Руйдер районунда 5,7 баллдык жер титирөө болуп өттү.
Тегеран университетинин сейсмология борбору, эпицентри Руйде району болгон жер титирөөнүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:37де жердин 8 км тереңдигинде катталганын жарыялады.
Жер титирөөдө жан жана мүлк зыянга учурап учурабаганы азырынча жарыялана элек, издөө-куткаруу командалары аймакка өткөрүлгөнү белгиленди.