Йеменге дары - дармек жардам жеткирилди
Йемендин борбор шаары Санага 168 тонна дары – дармек жана медициналык жардам жеткирди.
1016645
![Йеменге дары - дармек жардам жеткирилди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/7b10/bd2a/f69a/5b52fa566c6ab.jpg?time=1718907977)
Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму бул жумада Йемендин борбор шаары Санага 168 тонна дары – дармек жана медициналык жардам жеткирди.
Уюмдун социалдык медиа эсебинен берилген маалыматка караганда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна таандык 7 учак бул жумада 168 тонна дары - дармек менен медициналык материалды Сана эл аралык аэропортуна жеткирди.
Көптөгөн убакыттан бери саясий ыраатсыздык болуп жаткан Йеменде легитимдүү өкмөткө сокку урган хусилер 2014 - жылдын сентябрь айынан бери борбор шаар Сана жана кээ бир аймактардын текшерүүсүн колго алган. Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү болсо 2015 - жылдын март айынан бери Йемен өкмөтүнө колдоо берүүдө.