Орус" жеңилбес" куралдарынын даярдыктары аяктады

Гиперсоник ракета системасынын чыгарылышынын жана континенттер аралык баллистикалык ракетасын учуруу тесттери аяктады.

1015718
Орус" жеңилбес" куралдарынын даярдыктары аяктады

Орусиянын президенти В. Путин «жеңилбес» деп мүнөздөгөн куралдардан континенттер аралык гиперсоник ракета системасынын чыгарылышынын жана континенттер аралык баллистикалык ракетасын учуруу тесттери аяктады.

Орусия коргонуу министрлигинен берилген маалыматта Орусиянын коргоо өнөр жай комплекси тарабынан «Авангард» ракета системасынын чыгарылышынын аяктагандыгы жана өндүрүш этабына өтүлгөндүгү билдирилди.

Өзгөчө ядролук дүрмөттү ташуу жөндөмдүүлүгү болгон «Сармат» аттуу континеттер аралык баллистикалык ракета системасын учуруу тестинин программасынын аяктагандыгы билдирилди. Маалыматта жаңы стратегиялык курал системаларынын түзүлүшүнүн Орусиянын коргонуу өлчөмүнүн арттырылышы, Орусия жана союздаштарына карата кандайдыр бир кол салууга бөгөт болуу максатында экендиги баса белгиленди.

Орусиянын президенти В. Путин март айында федералдык парламентте сүйлөгөн сөзүндө араларында «Авангард» жана «Сармат» ракета системалары да болгон көп сандаган жаңы куралды «жеңилбес» деп мүнөздөгөн.



Тектеш кабарлар