Путин менен Трампка ачык кат

«Хельсингин Саномат» гезитинин кабарчылары Саска Сарикоски менен Лаура Сарикоски жазган ачык кат англис, фин жана орусча болуп үч башка тилде басылып чыкты.

1012933
Путин менен Трампка ачык кат

Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын алгачкы толук форматтагы жолугушуусуна кожоюндук кыла турган Финляндиянын эң чоң гезити «Хельсингин Саноматта» лидерлерге кайрылган ачык кат жарыяланды.

«Хельсингин Саномат» гезитинин кабарчылары Саска Сарикоски менен Лаура Сарикоски жазган ачык кат англис, фин жана орусча болуп үч башка тилде басылып чыкты.

Фин гезитиндеги ачык катта Финляндиянын мындан мурда да чыңалган убактарда Орусия жана АКШ лидерин тосуп алганын эске салып, «Хельсинки рухунун жардамы менен лидерлердин өлкөдөн ар дайым жүз миңдеген жылмаюу менен кетишкени» орун алган.

Бирок ачык катта 16-июлда борбор шаар Хельсинкиде ишке аша турган Путин-Трамп саммитинин жыйынтыгынын мурдатан божомолдонушу оңой болбогону, анткени акыркы мезгилде Орусияда дагы АКШда дагы иштер тез өзгөрүп жатканы белгиленди.

Айрыкча катта, Орусия жана АКШнын ортосундагы карым-катнаштардын чыңалган абалда болушунун эч кимге пайдасы болбогону белгиленип, саммиттин ушул себептен бир гана эки өлкө үчүн эмес, бүткүл дүйнө үчүн маанилүү экени баяндалган.

Путин менен Трамптын Хельсинкидеги жолугушуусу, Трамптын 11-12-июлдагы НАТОнун лидерлеринин жолугушуусунан кийин, Орусиянын лидери Путиндин болсо өлкөсүнүн кожоюндугунда өткөрүлгөн Дүйнөлүк кубоктун бүгүнкү жабылыш аземине катышуусунан кийин дароо болот.



Тектеш кабарлар