Индияда муссон жамгырлары

Селдерден акыркы бир жуманын ичинде 19 киши каза болду.

1011904
Индияда муссон жамгырлары

Индиянын Гужарат аймагында болгон селдердин айынан акыркы бир жуманын ичинде 19 киши каза тапты.

Жергиликтүү басма сөздө орун алган кабарларга караганда, өлкөнүн жалпысында таасирдүү болгон муссон жамгырлары, сел жана жер көчкүлөргө алып келди.

Аймактын полиция кызматынын билдирүүсүндө, түштүк Гужарат менен катар аймакта орто эсеп менен миң кишинин коопсуз жерлерге эвакуациялангандыгы белгиленди.

Эвакуациялоо иштери уланып жаткан аймактагы көптөгөн айылда электр жарыгы жок.

Метереология кызматкерлери, муссон жамгырларынын алдыдагы күндөрдө күчөп улана турганы боюнча эскертти.



Тектеш кабарлар