Нигерияда Боко Харам мүчөлөрү багынды

Боко Харамдын 32 мүчөсү багынды.

1004008
Нигерияда Боко Харам мүчөлөрү багынды

Нигериянын түндүк чыгышында террордук уюм Боко Харамдын 32 мүчөсү багынды. Нигерия армиясынын атынан жазуу түрүндө маалымат берген генерал Чувку аскердик бөлүктөрдүн Борно  аймагынын ар башка жерлеринде жүргүзгөн операциясында уюмдун 32 мүчөсүнүн багынгандыгын белгиледи. Чукву операцияда уюмдун мүчөлөрүнө таандык көп сандаган куралдар менен ок – дарынын колго түшүрүлгөндүгүн белгиледи.

Акыркы жылдарда жүргүзүлгөн операцияларга карабастан уюм Африканын калкы эң көп өлкөсү Нигерияда азыр да олуттуу коопсуздук маселелери бар.

Нигерияда 2000 – жылдары чыккан Боко Хармдын 2009 -  жылдан баштап массалык кыймылдары 20 миңге жакын кишинин өлүмүнө себеп болду.

Уюм 2015 -  жылдан бери өлкөнүн чек ара коңшулары Камерун, Бенин, Чад жана Нигеряда кол салууларды ишке ашырууда. Уюмдун Чад көлү аймагындагы кол салууларында эң аз 2 миң киши каза болду.



Тектеш кабарлар