Йеменде өкмөт күчтөрү Худейде аэропортуна киришти

Аэропорттун тегерегинде катуу кагылышуулар чыгып, хусилер армия күчтөрүнүн баскынынан кийин аэропорт имаратына танка жана пулеметтор менен кол салды.

995150
Йеменде өкмөт күчтөрү Худейде аэропортуна киришти

 Йеменде Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү колдогон мыйзамдуу армия Худейде эл аралык аэропортуна кирди.

Аскердик булактардан алынган маалыматка караганда аэропорттун тегерегинде катуу кагылышуулар чыгып, хусилер армия күчтөрүнүн баскынынан кийин аэропорт имаратына танка жана пулеметтор менен кол салды.

Йемен күчтөрү 13 -  июнда коалиция күчтөрүнүн колдоосу менен Худейде шаары менен портун 2014 -  жылдын сентябрь айынан бери аймактын текшерүүсүн колго алган хусилерден алуу үчүн аскердик операция баштаган.



Тектеш кабарлар