Түштүк Корея талаштуу аралдарда машыгуу өткөрүүдө

Машыгууга 6 согуштук кеме жана 7 учактын катышып жаткандыгы белгиленди.

994534
Түштүк Корея талаштуу аралдарда машыгуу өткөрүүдө

Түштүк Корея флоту, Чыгыш деңиздеги (Япон деңизи) талаштуу аралдарда эки күндүк машыгуу баштады.

Киодо агенттигинин маалыматына караганда, Түштүк Корея "Докдо", Япония болсо "Такешима" деп атап өзүнө таандык экенин айткан талаштуу аралдарда армия эки күндүк аскердик машыгуу баштады.

Машыгууга 6 согуштук кеме жана 7 учактын катышып жаткандыгы белгиленди.

Япониянын Тышкы иштер министрлиги, Түштүк Кореянын аты аталган аралдарда машыгуу өткөрүшүнүн кабыл алынгыс экенин баса белгиледи.

Япония, Түштүк Кореянын көзөмөлүндөгү аралдар тобунда 11 жылдан бери талап коюп келе жатат.



Тектеш кабарлар