Эң ири муз массасы эрип кетүү коркунучунда...

Дүйнөдөгү эң ири айсберг жылуу деңиздерге жылып баратат.

990347
Эң ири муз массасы эрип кетүү коркунучунда...

Дүйнөдөгү эң ири айсберг эрип кетүү коркунучунда турат.

Американын авиация жана космостук агенттиги (НАСА), 2000-жылы Антарктидадан бөлүнгөн дүйнөнүн эң ири муз массасынын жылуу деңиздерге карай баратканын билдирди.

Англиянын «Daily Mail» гезитиндеги кабарга караганда, Эл аралык космостук станциядан алынган көрүнүштөрдө Антарктидадан бөлүнгөн 11 миң чарчы километрдик массанын Атлантика океанынын түштүгүндөгү Түштүк Жоржия жана Түштүк Сандвич аралдарына карай жылып баратканы аныкталды.

Экватор багытында жылуу деңиздерге карай бараткан массанын жаңы багытында эрип жок болоору божомолдонууда.

Ири муз массасы 18 жылдын ичинде Антарктиданын айланасын айланып жүрүп 10 миң километрдик жолду басып өттү.

 



Тектеш кабарлар