АКШ - Түндүк Корея сүйлөшүүлөрү

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын мамлекет башчысы Ким Чен Ындын ортосунда болушу күтүлгөн саммит үчүн эки өлкөнүн делегациялары 5 - жолу жолугушту.

985500
АКШ - Түндүк Корея сүйлөшүүлөрү

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын мамлекет башчысы Ким Чен Ындын ортосунда болушу күтүлгөн саммит үчүн эки өлкөнүн делегациялары 5 - жолу жолугушту. 

Йонхап агенттигинин маалыматына ылайык АКШнын Филиппиндер элчиси Сунг Кимдин жетекчилигиндеги делегация Түндүк Кореядагы куралсыздандырылган аймактагы Панмунджом айылында Түндүк Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Чое Сон Хуинин жетекчилигиндеги делегация менен дагы бир жолу жолугушту. Делегациялар андан мурда 27 -  май менен өткөн жума шаршемби, ишемби жана жекшемби күндөрү да ошол жерде жолугушкан. 

Жолугушуудан кийин маалымат берилген жок бирок тараптардын жыйында Түндүк Кореянын ядролук куралдардан толугу менен жана кайра кайткыс тазаланышынын кандай ийгиликтүү болору жана 1950 - 1953 -  жылдагы Корея согушунун бүтүшүнүн расмий түрдө  жарыяланышы сыяктуу темалардын каралгандыгы болжолдолууда. 

АКШнын президенти Дональд Трамп 1 -  июнда түндүк кореялык жогорку мартабалуу жетекчи Ким Ен Чол менен Ак үйдө өткөргөн жолугушуудан кийин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен андан мурда пландалгандай 12 - июнда Сингапурда жолугушарын билдирген болчу. 

 

 



Тектеш кабарлар