Араб лигасы АКШнын вето укугун колдонуусун айыптады

Араб лигасы, БУУнун коопсуздук кеңешинин долбооруна каршы вето укугун колдонгон АКШны айыптады.

984483
Араб лигасы АКШнын вето укугун колдонуусун айыптады

Араб лигасы, Палестина калкы үчүн коргоо талабын кылган БУУнун коопсуздук кеңешинин долбооруна каршы вето укугун колдонгон АКШны айыптады.

Араб лигасынын жазуу түрүндөгү жарыясында: «АКШнын палестиналык карпайым адамдардын канын агызууну токтотуу үчүн чыгарыла турган бардык токтом долбоорлоруна тоскоол болуу мамилесин улантышы, Израилге эл аралык мыйзамдуулукка жатпаган ишке ашырууларын улантуу  күчүн берүүдө»,делди.

Бул мамиленин израилдиктер менен палестиналыктардын адилеттүү чечүүчү жол табыш үчүн сүйлөшүүлөргө кайтуусуна ылайыктуу чөйрө жарата албай турганы белгиленген билдирүүдө, эл аралык тынчтык жана коопсуздуктун корголушу боюнча миссиясы болгон БУУнун коопсуздук кеңешинин Израилдин Палестина калкына карай бузууларын токтотуш үчүн чараларды көрүү жагынан чабалдык кылганына капа болгондору айтылды.

Бул бузуулардын акыркы айларда эл аралык коомчулук тарабынан да айыпталган баскынчы күчтөрдүн Газа тилкесинде кылган кылмыштары башында турганынын жарыясында, Араб лигасынын элдеринин негизги маселеси болгон Палестин доосун колдоо жана Палестина калкынын укуктарын коргоо темасында чечкиндүү болгонуна басым жасалды.


Этикеткалар: #Палестина

Тектеш кабарлар