АКШ - Түндүк Кореянын саммит үчүн даярдыктары

Майк Помпео менен Ким Йонг Чол Нью  -  Йорк шаарында жолугушту.

982820
АКШ  - Түндүк Кореянын саммит үчүн даярдыктары

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Түндүк Кореянын жогорку мартабалуу дипломаты Ким Йонг Чол Нью  -  Йорк шаарында жолугушту.

Помпео менен Ким Манхаттанда кечки тамакта жолугушту. Помпео менен Чолдун бүгүн кайрадан жолугушуусу күтүлүүдө.

Ак үй АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ортосунда Сингапурда өткөрүлө турган саммит тууралуу даярдыктарды «активдүү түрдө» улантып жаткандыгын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар