Орусия менен Израилдин макулдашканы жөнүндө маалымат жайылды

Бул тууралуу Израилдин Канал-10 телеканалынын маалымат берди.

981245
Орусия менен Израилдин макулдашканы жөнүндө маалымат жайылды

Израиль менен Орусия Сирия темасында макулдашууга жетишти.

Израиль менен Орусиянын Сирия режиминин өлкөнүн түштүк чек ара аймагында көзөмөлдү кайрадан колго алышы темасында макулдашкандары жөнүндө маалымат жайылды.

Израилдин Канал-10 телеканалынын маалыматына караганда Орусия жана Израиль дипломатиялык жолугушуулардын натыйжасында Сириянын Израилдин чек арасындагы түштүк аймактарында көзөмөлдү кайрадан Сирия режиминин күчтөрүнө башкача айтканда Башар Ассаддын бийлигине өтүшү темасында макулдашууга жетишти.

Маалыматта айрыкча Сирия менен Израилдин чек ара аймактарында Иран согушкерлери, Ливандын Хизбуллахы же кайсы бир чет элдик аскердик бөлүктөрү орун албай турган макулдашууга келгени айтылды.

Жаңы келишимде Израиль мурдагыдай Сириянын аймагында эркин жүрүп, куралдуу операцияларды кыла алат.

Кабарда айтылгандай Сирия режими аты аталган келишимди бекитти.

Ал келишимде орун алган өлкөнүн жооптуу кызматкерлери, азырынча бул тема тууралуу маалымат бере элек.

Израилдин коргоо министри Авигдор Либермандын орус кесиптеши Сергей Шойгу менен Ирандын Сириядагы таасирин сүйлөшүү үчүн 30-майда Орусиянын борбору Москвага барышы күтүлүүдө.

Израиль басма сөзүндө Орусиянын Ирандан Сирия-Израиль чек арасындагы күчтөрүн алып чыгып кетүүсүн талап кылганы боюнча маалыматтар орун алган.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө Сириянын түштүк чек араларында бир гана бул өлкөнүн аскеринин болушу керектигин айткан.

Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бехрам Касыми да, «террор коркунучу болуп жана Сирия өкмөтү, Ирандан жардам сураган сайын өлкөсүнүн Сирияда боло бере турганын» билдирген.


Этикеткалар: #Израиль , #Орусия , #Сирия , #Иран

Тектеш кабарлар