Пападан терроризм жана исламиет тууралуу билдирүү

Папа Франциск исламдын терроризм менен бир каралышынын туура эмес экендигин айтты.

978410
Пападан терроризм жана исламиет тууралуу билдирүү

Католик чиркөөсүнүн руханий лидери  Папа Франциск исламдын терроризм менен бир каралышынын туура эмес экендигин айтты.

Италиянын АНСА агенттигинин берген кабарына караганда Папа Франциск "L'Eco di Bergamo" аттуу жергиликтүү гезитке берген маегинде диндердин «жолугушуу маданиятынын колдоого алынышы» тууралуу абдан маанилүү ролунун бар экендигин баса белгиледи.

Кээ бир чөйрөлөр тарабынан исламиет жана терроризмди жанаша коюу аракетине токтолгон Папа Франциск : «Исламиет жана терроризмдин бир орунга коюлушубу? Кээ бир кишилер мындай сөздөрдү айтышы мүмкүн бирок бул жалган жана жаңылыштык»,- деди.



Тектеш кабарлар