Араб Лигасы Парагвайды айыптады
Парагвайдын кадамы Араб Лигасы менен болгон мамилесине зыян тийгизет.
![Араб Лигасы Парагвайды айыптады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/be1a/b0e5/bd87/5b03cf04bc272.jpg?time=1719005966)
Араб Лигасы, Түштүк Америка өлкөсү Парагвайдын Тель-Авивдеги элчилигин Кудска көчүрүшүн айыптады.
Араб Лигасынын баш катчысы Ахмед Эбу Гейт жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Парагвайдын элчилигин Кудска көчүрүүсүнүн Араб дүйнөсү менен карым-катнаштарына терс таасирин тийгизээрин белгиледи.
Өлкөлөрдү, чыңалууну курчута турган жана адилеттүү чечүүчү жол табуу мүмкүнчүлүгүнө зыян тийгизе турган кадамдардан алыс турууга чакырган Эбу Гейт, Араб Лигасынын 17-майда чыгарган жана лигага мүчө өлкөлөрдүн өз элчиликтерин Кудска көчүргөн мамлекеттерге каршы экономикалык жана саясий чаралаларды көздөгөн чечимине көңүл бурду.
Эбу Гейт: «Ахлактык жоопкерчиликти көз жаздымда калтырып, ар түрдүү кысым жана тукурууларга баш ийүүнү тандаган мамлекеттер, тарыхый жаңылыштыктын тарабында болушту»,-деп айтты.