Кытайдын учак конуучу кемеси сыноодон өтүүдө

Учак конуучу кеменин салмагы 50 миң тонна, узундугу 315 метр, туурасы болсо 75 метрге жетет.

973810
Кытайдын учак конуучу кемеси сыноодон өтүүдө

Кытайдын алгачкы жергиликтүү учак конуучу кемеси Type-001A, биринчи сыноосун аяктап Далянь портуна кайтты.

Синхуа агенттигинин маалыматына караганда, өлкөнүн Ляонин шаарындагы Дальян портунан 13-майда деңизге бет алган Type-001A кемеси, байланыш, күйүүчү май жана өрт коопсуздугу сыяктуу негизги системалар текшерилгенден кийин кайрадан портко кайтты.

Кытайдын мамлекеттик ишканасы China Shipbuilding Industry Corp. (CSIC) тарабынан 2012-жылы өндүрүлө баштаган 001А үлүгүсүндөгү учак конуучу кеменин салмагы 50 миң тонна, узундугу 315 метр, туурасы болсо 75 метрге жетет.

Жергиликтүү учак конуучу кеме 6 ай бою ар кандай сыноолордон өтмөкчү.

 



Тектеш кабарлар