Ким Чен Ын менен Трамптын ортосунда боло турган жолугушуу коркунучта...

Трамп, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен Ак үйдөгү жолугушуусунун алдында Овал кеңседе басма сөз кызматкерлеринин суроолоруна жооп берди.

973193
Ким Чен Ын менен Трамптын ортосунда боло турган жолугушуу коркунучта...

АКШнын президенти Дональд Трамп, 12-июнда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен өткөрүлүшү пландалган жолугушуунун жоюлуп же жоюлбай турганы темасында, «Эмнелер боло турганын көрө жатарбыз»,деген серебин салды.

Трамп, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен Ак үйдөгү жолугушуусунун алдында Овал кеңседе басма сөз кызматкерлеринин суроолоруна жооп берди.

Трамп, АКШ менен Түштүк Кореянын ортосундагы аскердик машыгууну себеп кылып көрсөткөн Пхеньяндын Сеул менен жогорку деңгээлдеги жолугушууларды токтотуусу жана өзү менен 12-июнда болушу пландалган жолугушуунун коркунучка түшө турганы боюнча эскертүүгө сереп салды.

Трамп өздөрүнө Түндүк Кореядан эч кандай билдирүү келбегенин айтып, «Азырынча бир нерсе көргөн жокпуз, уккан жокпуз. Бизге кандайдыр бир билдирүү да айтылган жок. Эмнелер боло турганын көрөбүз»,-деп айтты.

Түндүк Кореянын лидери Ким менен жолугушуунун болуп болбой турганы тууралуу атайын суроолорго так жооп бербеген Трамп: «Эмнелер боло турганын көрө жатабыз»,-деп койду.

Түндүк Корея, АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен аскердик машыгуусун «провокация» деп мүнөздөп, Сеул менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү токтотту.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чжэ Индин ортосунда 27-апрелде боло турган жолугушуунун уландысы болгон жана бүгүн чек арадагы Панмунджом ок атпоо айылында өтүшү пландалган жогорку деңгээлдеги жолугушуунун токтотулганы билдирилген.

Түндүк Кореянын расмий маалымат агенттиги KCNAнын маалыматына караганда да, «Түштүк Кореяда болгон жана Түндүк Кореяны бутага алган машыгуу, «Панмунджом» декларациясына каршы жаман кылык жана Корея жарым аралындагы оң саясий абалга карай атайылап аскердик провокация болуп саналат»,-деп маалымдалды.

Түндүк Корея айрыкча 12-июнда Сингапурда Ким менен Трамптын ортосунда болушу пландалган саммиттин да жоюла ала турганы менен эскертти.



Тектеш кабарлар