Палестина башкаруусу еврей отурукташуу жерлерин Эл аралык жаза сотуна алып барат

Палестина башкаруусу кечээ мамлекет башчысы Махмуд Аббастын жетекчилигинде басып алынган Батыш Шерианын Рамаллах шаарындагы мамлкеттик сарайында  чогулган.

971287
Палестина башкаруусу  еврей отурукташуу жерлерин Эл аралык жаза сотуна алып барат

Палестина башкаруусу Газа чек арасындагы окуялардан кийин еврей отурукташуу жерлеринин Эл аралык жаза сотуна алып барылышы да орун алган бир чечим чыгарды.

Палестина Бошондук Уюмунун баш катчысы Саиб Урейкат Рамаллахта өткөргөн пресс  - жыйынында Газа чек арасындагы митингдерде болгон окуялардан кийин Палестина башкаруусу тарабынан чыгарылган чечимдерге байланыштуу маалымат берди.

Урейкат Палестина башкаруусунун : «Еврей отурукташуу жерлеринин курулушун расмий түрдө Эл аралык жаза сотуна алып баруу, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин кезексиз чогулушка чакырууга, Палестинанын эл аралык агенттиктерге мүчө болушуна, Палестина улуттук кеңешинде чыгарылган чечимдин ишке ашышы жана Палестина  - Израиль карым  - катнаштарынын чектелиши үчүн Палестина Боштондук Уюмунун борбордук комитети, башкаруу кеңеши жана өкмөт мүчөлөрүнөн тура турган бир комитеттин курулушуна» чечим чыгарылгандыгын жарыялады.

Палестина улуттук кеңеши 3 -  майда Палестина Боштондук Уюмунун башкаруу кеңешин «1967 -  жылдагы чек араларда Пааестина мамлекетин таныганга чейин, Чыгыш Кудстун аннекцияланышы чечими жана отурукташуу жерлеринин курулушун токтотконго чейин» Израилдин танылышын токтотуу менен милдеттендирилген.

Палестина башкаруусу кечээ мамлекет башчысы Махмуд Аббастын жетекчилигинде басып алынган Батыш Шерианын Рамаллах шаарындагы мамлкеттик сарайында  чогулган. 



Тектеш кабарлар