Ливия жээктеринде 180 киши куткарылды

Триполинин чыгыш жээктеринде куткаруу операциясы жүргүзүлдү.

970279
Ливия жээктеринде 180 киши куткарылды

Ливиянын Деңиз күчтөрүнө караштуу порт жана жээк коопсуздугун сактоочу топтор, борбор шаар Триполи жээктеринде резина кайыктагы 180 качкын-көчмөндү куткарышты.

Ливиянын Деңиз күчтөрүнүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жээк коопсуздугун сактоочу топтор 15 аял менен 7 баладан турган 180 мыйзамсыз мигрантты куткаргандары белгиленди.

Триполинин чыгыш жээктеринде жүргүзүлгөн операцияда куткарылган качкындардын египеттик, сириялык жана африкалыктардан турганы билдирилди.

Куткаруу операциясынан кийин мигранттар Триполидеги баш калкалоочу жайга жөнөтүлдү.



Тектеш кабарлар