Индонезияда эмне үчүн жардыруулар болуп жатат?

Индонезиянын коопсуздук күчтөрү жардыруулардын себептерин изилдеп жатышат.

970082
Индонезияда эмне үчүн жардыруулар болуп жатат?

Индонезия бүгүн дагы бомбалуу кол салууга дуушар болду.

Сурабая шаарындагы полициялык борборго болгон кол салууда 7 киши каза тапты.

Жакарта Пост гезитинин кабарына караганда Чыгыш Жаванын коопсуздук боюнча басма сөз катчысы Франс Барунг Мангера, Сикатан көчөсүндө полициялык борборду бутага алган бир бомбалуу кол салууну кылганын жана алгачкы белгилөөлөргө караганда 7 кишинин каза тапканын жарыялады.

Бир тараптан Мангера, кечээ Сурабаяда 3 чиркөөгө кол салуу болгонун жана анда 13 киши каза болгонун, 41 кишинин жаракат алганын билдирген болчу. Андан соң Сидоаржодо да колго жасалган бир жарылуучу зат кырсык болуп жарылышынын себебинен 3 кишинин набыт болгонун айтты.

Полиция чиркөөлөргө болгон кол салуу менен Сидоаржодогу жарылуунун ортосунда байланыш болгонун белгилегенин жарыялады.

Чиркөөлөргө кол салган 4 балалуу үй-бүлөнүн, мындан мурда Сирияда жашаганынын маалыматын бөлүшкөн полиция, ал үй-бүлөнүн Индонезияда ДЕАШ менен байланыштуу Jamaah Anshorut Daulah (JAD) аттуу террор уюму менен байланышы болгонун айтып чыккан.

Кол салууга балдарын да колдонгон үй-бүлөнүн 4 баласы менен бирге каза тапканы жарыяланды.



Тектеш кабарлар