Аль-Кудс эмне үчүн мынчалык маанилүү?

Аль-Кудс шаары-көктөн түшкөн диндердин бешиги болушу менен бирге Азия, Африка жана Европанын арасындагы эң кеңири каалгалардан бири болуп саналат.

970631
Аль-Кудс эмне үчүн мынчалык маанилүү?

Көктөн түшкөн диндердин бешиги болушу менен бирге Азия, Африка жана Европанын арасындагы эң кеңири каалгалардан бири болгон Аль-Кудс шаары, Чыгыш Жер Ортолук деңизге ачылган каалга болушунун себебинен чоң мааниге ээ.

800 миң кишилик калкы бар шаар, ушул себептен Палестина үчүн дагы Израиль үчүн дагы манаилүү болуп саналат.

Арабча аталышы Аль-Кудс, иврит тилинде Иерусалим деп аталган Кудус, дүйнөнүн эң байыркы шаарларынан бири болуп саналат. Исламияттын жаралышы менен бирге мусулмандардын алгачкы кыбыласы болду.

Мухаммед пайгамбар исламияттын жайылышында маанилүү бир жер болгон Аль-Кудстан миражга жогорулады жана Акса Мечити бул жерде курулду.

Акса мечити жана Куббетус Сахра мусулмандардын шаардагы символдору болуп саналат. Аль-Кудс эң оболу Халифа Азирети Өмердин доорунда каратылды.

Ислам үчүн маанилүү болгону сыяктуу еврей жана христиан диндери үчүн да маанилүү деп эсептелген курулуш таштары бул жерде орун алган.

Азирети Исанын бул жерде айкаш жыгачка байланып чойулганынын аңгемеси жана ушул себептен бул жердин кресттүүлөрдүн жери катары кабыл алынышы христиандар үчүн маанилүү.

Б.з.ч. 10-кылымда падыша Давуддун колго алышы болсо Аль-Кудсту еврейлер үчүн маанилүү кылган.

Шаар, 400 жыл Осмон империясынын башкаруусу астында турду. Шаардын чөйрөсүндөгү дубалдар Кануни Султан Сулейман тарабынан курудурулган.

Бул дубалдар эми байыркы шаар бөлүмүндө армян грегоряндарды, христиандарды, жөөттөрдү жана мусулман маалаларын бири-биринен ажыратып турат.

Байыркы шаар дүйнөлүк маданияттар мурасы тизмесине кирген. Тарых бою бир топ ыйык түзүлүшкө ээ болгонунун себебинен көп сандаган согушка сахна болду.

Көп жолу кулатылып кайрадан курулган Аль-Кудс, 1517-1917-жылдар аралыгында Осмон империясынын эгемендиги астында турган.

Аль-Кудс, 1917-жылы Осмон эгемендигинен чыккандан бери татаал күндөрдү башынан өткөрдү.

Чыгыш Кудусту 1967-жылы басып алган Израиль, жарым кылым бою бул жерди жөөттөштүрүш үчүн көп аракет жумшап келет.



Тектеш кабарлар