Тайван жана Тегеранда жер титирөө

Тайвандын чыгышындагы Хуалянь аймагында 5, 5 баллдык жер титирөө болду.

962154
Тайван жана Тегеранда жер титирөө

 

Тайван Борбордук аба бюросунун сейсмологиялык борборунун аныктамасына караганда Хуалянда болгон 5, 5 баллдык жер титирөөнүн тереңдиги 10 километр деп белгиленди.

Жер титирөөнүн борбор шаар Тайбэй менен Илань, Наньтоу, Тайтунг жана Юньлин аймактарында да сезилгендиги белгиленди.

Термелүүдө каза болгондордун болуп же болбогондугуна байланыштуу маалымат берилген жок.

Хуалянь аймагында 6 -  февралда болгон 6 баллдык жер титирөөдө 17 киши каза болгон. Бир тараптан Ирандын түштүк батышындагы Кохгилуйе жана Буйер Ахмед аймагына караштуу Сисехт шаарында 5, 2 баллдык жер титирөө болду.

Тегеран университетинин сейсмологиялык борборунан берилген маалыматта эпицентри Сисхт шаары болгон жер титирөөнүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:38де жана жердин 8 километр тереңдигинде болгондугу белгиленди.

Жер титирөөдө кишилердин каза болуп же болбогондугуна байланыштуу маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар