Трамптын Корея билдирүүсү
Кореялык лидерлердин жолугушуусуна Трамп кандай баа берди?
АКШнын президенти Дональд Трамп, Түндүк менен Түштүк Кореянын ортосунда тарыхый жыйындын өткөрүлгөнүн жана жакшы нерселердин болгонун айтты.
Трамп Твиттер баракчасындагы бөлүшүүсүндө, ядролук сыноо жана ракеталардан сөз болгон жылдан кийин Түндүк менен Түштүк Кореянын ортосунда тарыхый жолугушуунун өткөрүлгөнүн белгиледи.
Трамп: «Жакшы нерселер болууда бирок бир гана убакыт көрсөтөт»,-деп айтты.
Дональд Трамп бөлүшүүсүндө: «Корея согушу аяктоодо. АКШ жана анын мыкты адамдары, Кореяда болуп жаткандар менен сыймыктанышы керек»,-деди.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин эки өлкөнүн чек араларындагы аскерлерден тазаланган аймакта жолугушуп жана тарыхый жыйындан тынчтык чечими чыгарылган болчу.
Тектеш кабарлар
АКШнын Аризона штатында ашыкча ысыктан 6 киши каза болду
Аризона штатынын борбору Фениксте 46 градуска жеткен ысыктан улам 6 киши каза болду.