Корея жарым аралында тарыхый жолугушуу...

Эки лидер чек арада орун алган Пенмунжом Ок атпоо айылында орун алган Тынчтык үйүндө жолугушту.

959700
Корея жарым аралында тарыхый жолугушуу...

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Индин тарыхый жолугушуусунан оң белгилер келди.

Эки лидер чек арада орун алган Пенмунжом Ок атпоо айылында орун алган Тынчтык үйүндө жолугушту.

Эки лидердин алгач кол алышуусу, Түштүк Кореянын аскерлеринен турган аземге тизилген ротага салам бериши менен башталган саммиттин жүрүшүнүн алкагында Ким, Тынчтык үйүндөгү китепчеге кол койду.

Ким: «Учурдан тартып жаңы тарых башталууда, тынчтык мезгилинин тарыхый башталыш жеринде»деп жазды.

Көздөлгөн программанын жүрүшүнөн 15 мүнөт кийин башталган саммит, Түндүк Кореянын лидери Кимдин февраль айында Түштүк Кореяга атайын өкүл сыпаты менен жиберген карындашы Ким Йо-Йонг да орун алды.

Жолугушуунун басма сөзгө ачык бөлүмүндө Ким, Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун менен ачык, чынчыл жана так сүйлөшүүлөрдү өткөрө турганын белгилеп, саммиттен жакшы жыйынтык алууну ойлогонун айтты.

«Мунун өтмүштө болгону сыяктуу ишке ашырыла албаган жыйынтыктары болушунун ордуна келечекке чечкиндүүлүк менен караса, биргелеше кол кармашып баса ала турганыбыз шанс болушун ойлоодмун»,-деп айткан Ким, Мунга «бул тарыхый жерде» болгонеу үчүн абдан толкунданганын билдирди. Ким, Мунга өзү менен жолукканы үчүн ырахматын айтты.

Мун болсо саммитти өткөрүүнү кабыл алганы үчүн Кимге ырахматын айтып, «Президент Ким, аскердик демаркация чийининен өттү. Ушундайча Панмунжом бөлүнүүнүн эмес тынчтыктын символу болду»деген серебин салды.

Дүйнө жүзү Панмунжомго байкоо салымп жатканын баса белгилеген Түштүк Кореянын президенти Мун, деңиздин ары жагындагы өлкөлөрдөгү жарандар менен катар эки өлкө калктарынын саммиттен күтүүлөрүнүн абдан жогору болгонун белгиледи.

Мун, саммитте келишимге жетишүүнү, дүйнөдө тынчтыкты тилеген ар ким жана өз калктары үчүн укмуш белек камсыздай алууну тилегенин белгиледи.

Жолугушуунун бүтүрүлүшүнөн кийин Ким, кара бир лимузинге минип Панмунжомдун түндүк тарабына өттү. Түштө кийин эки лидер жолугушууларын улантышат.

Тараптар түштөн кийин кайрадан жолугушуп көчөт отуругузат. Эки өлкөдөн алып келинген топрактар салына турган балатынын көчөтү тигиле турган жердин жанына «Бул жерге тынчтыкты жана эркиндикти тигүүдөбүз» деген жазуусу бар эстелик таш тургузулат.

Эк лидер бир күндүк саммиттин жыйынтыгын биргелешкен маалымат жыйын менен жарыялоодон мурда, экөө чогуу кыскача сейилдеп баарлашат. Саммит Мун бере турган кечки тамак менен соңуна чыгат.



Тектеш кабарлар