Түндүк Корея ядролук жана континенттер аралык баллистикалык ракета сыноолорун токтоторун жарыялады

Япониянын премьер  - министри Шинзо Абе чечимди ыраазычылык менен кабыл алгандыгын бирок мындан кийинки абалдарды жакындан иликтешерин билдирди.

956230
Түндүк Корея  ядролук жана континенттер аралык баллистикалык ракета сыноолорун токтоторун жарыялады

Түндүк Корея Сеул жана Вашингтон менен өткөрө турган самиттен мурда ядролук жана континенттер аралык баллистикалык ракета сыноолорун токтоторун жарыялады.

Расмий KCNA маалымат агенттигинин кабарында Түндүк Кореянын лидери Ким Йонг  -  ундун партиясынын Борбордук Комитетинин жыйынында ядролук жана континенттер аралык баллистикалык ракета сыноолорун токтотуу чечимин чыгаргандыгы билдирилди. Кабарга караганда Түндүк Корея 21 -  апрелден баштап континенттер аралык баллистикалык ракета сыноолору жана  атууларды токтотот. Кимдин ракета сыноолорун токтотуу чечиминин өткөн жылы ядролук күчтөрүнүн бүткөрүлгөндүгүн жарыялоосунан кийин Түндүк Кореяны курчаган абалдын «Корея төңкөрүшүнө» каршы ылдам өзгөрүү менен чыгарылгандыгы белгиленди.

АКШнын президенти Дональд Трамп Пхеньян  башкаруусунун чечими боюнча твиттер эсебинен : «Бул Түндүк Корея жана дүйнө үчүн мыкты кабар жана чоң бир өнүгүү»,- деди. Трамп Ким менен жолугушууну күтүп жаткандыгын сөздөрүнө кошту.

Түштүк Кореянын мамлекет башчылыгынан берилген маалыматта да түндүктүн жарым аралдын ядролук куралдардан тазаланышына карата «маанилүү бир өнүгүү» деп мүнөздөлгөн чечиминин ыраазычылык менен кабыл алынгандыгы билдирилди.

Япониянын премьер  - министри Шинзо Абе чечимди ыраазычылык менен кабыл алгандыгын бирок мындан кийинки абалдарды жакындан иликтешерин билдирди.

Түндүк Кореянын лидери Ким Йонг  - ун жана Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чжэ Индин ортосунда келерки жумада боло турган саммиттен мурда дагы жакшы байланыш үчүн атайын телефон линиясы курулган.

Түндүк жана Түштүк Корея саммиттери акыркы жолу 2000 – 2007 -  жылдары Пхеньянда өткөрүлгөн. Түндүк Кореянын лидери Кимдин Мун менен жолугушуусунан кийин июнь айына чейин АКШнын президенти  Дональд Трамп менен жолугушуусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар