Путин менен Трамп сүйлөштү
Трамп Путинди Ак үйгө чакырды.
![Путин менен Трамп сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/a002/02dc/140a/5ab2102667a2b.jpg?time=1719047808)
АКШнын президенти Дональд Трамп, Орусиянын президенти Владимир Путинди Ак үйгө чакырды.
Телефон аркылуу сүйлөшкөн эки лидер жылуу билдирүүлөрдү айтышты.
Сүйлөшүүгө байланыштуу маалымат берген Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, сүйлөшүүдө Трамптын Путинди бир канча жолу Вашингтонго чакырганын белгиледи.
Трамп айрыкча Путинге, өзүнүн да Орусияга сапар жасаса кубана турганын айтты.
Лавров, муну менен бирге эки тараптуу сүйлөшүүгө байланыштуу Вашингтондон так сунуш күткөндөрүн билдирди.
Лавров эки лидердин өз өлкөлөрүнүн куралдуу түрдө бетме-бет келишине уруксат бербей турганын да баса белгиледи.
Орусиянын тышкы иштер министри, Москванын аймактагы кызыл чийиндин Сирияга жүргүзүлгөн операциянын алдында Вашингтонго билдиргенин жана операцияда бул чийиндерден ашып өтүлбөгөнүн айтты.
Лавров АКШнын 14-апрелдеги кол салуусунун, Орусиянын Сирия режимине С-300 ракеталарын сатуу темасындагы кооптонууларын жойгонун да белгиледи.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Ковид - 19дан ооруканага жаткандардын саны өсүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/df8b/65dd/132e/61f21565413ee.jpg?time=1719047809)
Грецияда Ковид - 19дан ооруканага жаткандардын саны өсүүдө
Акыркы төрт жумада ооруканага жаткырылгандардын орточо саны 166 болду.