Трамп - Мэй телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Сириянын Дума аймагында ишемби күнү химиялык курал колдонуу темасы каралды.

948935
Трамп  - Мэй телефон аркылуу  сүйлөшүүсү

АКШнын президенти Дональд Трамп Британиянын премьер  - министри Тереза Мэй менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө Сириянын Дума аймагында ишемби күнү химиялык курал колдонуу темасы каралды.

Ак үйдөн Трамп менен Мэйдин ортосундагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүнө байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди. Маалыматта булар белгиленди: «Президент Дональд Трамп Британиянын премьер  - министри Тереза Мэй менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Эки лидер Сириянын мамлекет башчысы Асаддын адам өмүрүн жок саноосун айыптады. Президент жана премьер  - министр химиялык курал колдонуунун улантылышына уруксат бербөө тууралуу макулдашышты».

 



Тектеш кабарлар