Орусия БУУга сунушталган долбоорду вето кылды

БУУнун коопсуздук кеңешиндеги добушка салууда туруктуу мүчө Орусиянын ветосу менен долбоор четке кагылды.

948637
Орусия БУУга сунушталган долбоорду вето кылды

Орусия, АКШнын Сирияда химиялык курал колдонулганынын иликтениши үчүн БУУга сунуштаган долбоорду вето кылды.

БУУнун делегациясынын Чыгыш Гутанын Дума аймагында изилдөө жүргүзүүсүн сунуштаган долбоор, БУУнун коопсуздук кеңешиндеги добушка салууда туруктуу мүчө Орусиянын ветосу менен четке кагылды.

Токтом долбоору, Думада эң аз 40 киши каза болгону билдирилген кол салууда химиялык курал колдонгону тууралуу айтымдардын иликтениши үчүн БУУнун алкагында көз карандысыз иликтөө механизминин түзүлүүсүн көздөйт жана химиялык курал колдонуусун айыптап жаткан.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензия, АКШ сунуштаган токтом долбоорунун «абалды дагы начарлата турганы үчүн кабыл алынбай турган элементтерди» камтыганын белгилеп текстке каршылык көрсөттү.

Орусия, 7 жылы артта калган Сириядагы жарандык согуштун башынан бери 12-жолу Сирия тууралуу токтом долбоорун вето кылган болду.

Москва бийлиги андан кийин БУУнун коопсуздук кеңешинде каршы долбоорду бекитүүгө сунуштады.

Бул долбоордо БУУнун механизминин бир гана Сирияда химиялык курал менен кол салуусунун болуп болбогонун белгилеп, БУУнун коопсуздук кеңешине отчет бериши жана кол салуунун жооптууларынын механизм тарабынан эмес БУУнун коопсуздук кеңеши тарабынан белгиленишин талап кылып жаткан.

Бул долбоору да керектүү болгон 9 өлкөнүн колдоосун албаганы үчүн кабыл алынган жок. Орусиянын долбооруна бир гана 6 өлкө колдоо көрсөтсө 7 өлкө каршы чыкты, 2 өлкө калыс добушун беришти.

БУУнун коопсуздук кеңешинде бир долбоордун кабыл алынышы үчүн 15 мүчөдөн эң аз 9унун оң добуш бериши жана туруктуу мүчөлөр АКШ, Орусия, Кытай, Англия жана Франциядан эч бири вето укугун колдонбошу керек.



Тектеш кабарлар